• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Орусиянын Коргоо министрлиги мобилизациядан чет өлкөлөргө качып жаткан жарандарды кайтарууну талап кылбайт

28 Аяк оона 2022 17:38 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Коргоо министрлиги өлкөдөн чыгып кеткен орус жарандарын кайра кайтаруу өтүнүчү менен Казакстанга, Грузияга жана башка мамлекеттерге кайрылган эмес жана кайрылуу планы жок. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги аталган министрликтин маалыматына таянып кабарлады.

Буга чейин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги эгер мобилизациядан качып жаткан орусиялыктарга расмий издөө жарыяланса, алар кайра мекенине кайтарылышы мүмкүн экенин билдирген.

Ал арада 27-сентябрда грузин-орус чек арасында Орусиянын көчмө аскерге чакыруу пункту иштей баштады. Бул маалыматты Түндүк Осетия өкмөтүнүн басма сөз кызматы ырастады.

Количество просмотров: 240