• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Ош» аэропортунда айдоочу 35 жаштагы жаранды өлтүрө сүздү

28 Тогуздун айы 2018 17:15 Бишкек Govori.TV
Бишкек.28.10.2018.Govori.TV.
Ош облусунун Кара-Суу районунда «Ош» аэропортуна бара жаткан айдоочу 35 жаштагы жаранды өлтүрө сүздү. Бул тууралуу Ош ОИИБинин маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кырсык 27-октябрда Кара-Суу районунун Нурдан айылында орун алган.

«Кара-Суу районунун 1965-жылы туулган тургун Тойота Камри үлгүсүндөгү унаасы менен аэропортту көздөй баратып жаранды сүзүп алган. Жабыркаган жаран Кашкар-Кыштак айылынын 1983-жылы туулган тургуну болгон. Ал алган жаракатынан улам аймактык ооруканага жетпей каза болгон», — дейт басма-сөз кызматы.

Учурда аталган окуя боюнча Кара-Суу РИИБи экспертиза дайындап, тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 44