• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунда асфальт төшөө иштери аяктады

31 Тогуздун айы 202414:27 Бишкек Govori.TV

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолундагы асфальт төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бүгүн, 31-октябрда аталган унаа жолдун ачылышына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев баштаган жетекчилер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Абсаттар Сыргабаев Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен соңку жылдары жол-транспорт тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди. Ошондой эле, министр алдыда дагы өлкө жетекчилиги тарабынан коюлган тапшырмаларды жана планга ылайык жумуштарды иш ыргагын ыкчамдатуу менен жүзөгө ашырууга бардык аракеттер жумшаларын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин жолдун эки тилкесине (Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 27+960 – 34+400 жана 40+400 – 46+910-чакырымдар аралыгына) асфальттын экинчи катмары төшөлгөн.
Асфальт төшөө иштери менен катар Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 63 (Абшыр-Сай) жана 43-чакырымындагы (Чили-Сай) эки көпүрөнүн курулуш иштери жыйынтыкталып, колдонууга берилди.

Ал эми эл аралык маанидеги унаа жолдун 29-чакырымында жайгашкан (Кыркол-Сай) көпүрөдө жумуштардын 80 пайызы аткарылды.

Белгилей кетсек, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 0-75-чакырымдар аралыгы Ош облусунун аймагында жайгашкан. Анын ичинен 0-6-чакырымы Ош шаары, 6-11-чакырымы Кара-Суу району, 11-75-чакырымы Ноокат району (38-41-чакырымы Ноокат шаары) аркылуу өтөт.

Количество просмотров: 191