Ош базарда чөнтөкчүнүн аракети видеого түшүп калган. Бишкектин Ленин райондук милициясынан билдиришкендей, 21-февралда О.У. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда 20-февралда Киев менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишинде белгисиз жаран арыз ээсинин пальтосунун чөнтөгүнөн 25 миң сомдук телефонун уурдап кеткени жазылган.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 39 жаштагы У.Б. аттуу жаран кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Жогорудагы аталган жарандан жабыр тарткандар “102”, 0(704) 433-666, 0(508) 778-977 номерлерине кайрыла алат.