• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ош базардагы өрттөнгөн соода орундарына кенемте төлөнөт

2 Бирдин айы 2018 10:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.02.2018.Govori.TV

Ош базарындагы өрттөн жабыркагандарга кенемте төлөнүп берилет. Бул тууралуу Бишкектин Ленин районунун акими Нурдин Тынаев билдирди.

“Өрт чыккан биринчи күндөн тартып эле ишкерлер менен жеринде жүрдүк. “Сейтек” базарынын жетекчилиги жана өрттөнүп кеткен соода дүкөндөрүнүн ээлери менен сүйлөштүк. “Сейтек” базарынын ээси Чолпон Тойчубеков кенемте төлөөдөн качкан жок. Сатуучулар менен келишим болгон”,-деди аким.

“Акча менен болбосо дагы соода орундарын 1-2 жылга ижара акысынан бошотуу аркылуу жардам берет”.

“Көпчүлүк соодагерлер банкта кредиттери бар экендигин айтышууда. Алар кредити бар экендигин тастыктаган кагаздарды алып келип берсе, биз банк жетекчилиги менен сүйлөшүп пайыздык үстөктү азайтуу сыяктуу каржылык маселерди чечүүгө аракет кылабыз”,-деп ишендирди аким.

Ош базарындагы өрт 30-январда чыккан. Өрттө 118 соода оруну өрттөнүп кеткен.

 

 

Количество просмотров: 2