• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ош базардын айланасындагы сатуучулар митингге чыгышты

5 Бирдин айы 202113:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-февралда Бишкектеги Ош базарынын тегерегинде соода кылгандар өкмөт үйүнүн алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Алар базардын айланасындагы соода-сатыкка тыюу салынышына нааразы.

Топтолгондор «Өкмөт өкүлдөрү чыксын!» деп кыйкырып, президент Садыр Жапаровго маселени чечип берүүнү талап кылышты.

Нааразы тарап менен Ленин райондук акими Чынасыл Чыныбаев жолугушуп, башаламан соода-сатыкка жол берилбей турганын билдирди.

Буга чейин мэрия Ош базарынын айланасын башаламан соода-сатыктан тазалаган. Акцияын катышуучуларынын айтымында, аталган базардын айланасында миңден ашуун сатуучу иштейт.

Количество просмотров: 215