• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ош базардын соодагерлери нааразычылык акцияга чыгышты

11 Кулжа 202412:46 Бишкек Govori.TV

11-июнда Бишкектеги “Ош базарынын” соодагерлери электрондук коштомо кагазды жана электрондук эсеп-фактураны колдонууга каршы нааразычылык акцияга чыгышты.

Маалыматка ылайык, алар көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга каршы эмес экенин айтышып, убактылуу иш ташташкан. Соодагерлердин жүйөсүндө, ЭТТК менен ЭЭФти ишке киргизүү кошумча түйшүк жаратып, бухгалтер жалдоого мажбур болуп жатышат.

Эске салсак, кечээ “Дордой Моторс” базарынын соодагерлери нааразычылык акциясына чыгышкан болчу.

Количество просмотров: 112