• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Ош» базарында арабасынан арылгысы келбей ыйлаган Алмаканды аким кабыл алды

13 Бирдин айы 2021 2:09 Бишкек Govori.TV

Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев «Ош» базарынын аймагында соода кылган Алмакан аттуу келинди кабыл алды. Бул тууралуу Ленин райондук акимчилигинин маалыматына таянып, «Азаттык» жазды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Алмакан (фамилиясы такталган эмес) Ленин районунун тургуну экени, шаар ичинде туруктуу каттоосу жана тийиштүү документи жоктугу аныкталды.

Район башчысы келинге туруктуу каттого турууга, ким экенин тактоочу документтерин алууга жардам берерин жана мындан ары муниципалдык администрация ага социалдык жактан колдоо көрсөтөрүн билдирип, «Ош базарынын» ичинен соода орунун сунуштады.

Буга чейин ал келиндин «Ош» базарынын жанында соода кылган столун 10-февралда күч кызматкерлери салып кетип жатканда чыркырап ыйлаган видеосу социалдык тармактарга тарап, кызуу талкуу жараткан.

Количество просмотров: 489