• Жекшемби 21 Кулжа 2026
  • Воскресенье 21 Июнь 2026

Ош базарынын аймагында гүлбакча пайда болот

18 Кулжа 202210:09 Бишкек Govori.TV

Ош базарынын аймагында гүлбакча пайда болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилишинде «Берекет» соода борборунун эсебинен гүлбакча куруу боюнча келишим түзүлдү.

Белгилей кетсек, келишим Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев тарабынан Ош базарында жана ага жакын көчөлөрдө башаламан сооданы жоюу максатында өткөрүлгөн жыйындын алкагында түзүлгөн.

Количество просмотров: 164