• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ош-Бишкек жолундагы кырсыктан беш адам каза болду

17 Бештин айы 2017 3:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош автожолунун 299-чакырымында «Хундай Гетз» жана «Хонда Степвагон» автоунаалары кагышып, натыйжада жол кырсыгынан беш адам каза болду.Бул туурасында облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Анда «Хундай Гетз» автоунаасынан үч, «Хонда Степвагондон» эки киши каза болгон. Мындан сырткары беш адам Токтогул райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ооруканага жеткирилди. Окуя болгон жерде милиция иш алып барып, каза болгондордун тек-жайы такталууда», -деп жазылган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, «Хонда Степвагон» автомашинасы Бишкек шаарынан Аксы районуна, ал эми «Хундай Гетз» автомашинасы Үч-Терек айылынан Токтогулду көздөй бара жаткан.

Количество просмотров: 5