• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ош: Добуш сатып алууга байланыштуу 16 факты катталды

11 Теке 2021 11:51 Бишкек Govori.TV

Ошто добуш сатып алууга байланыштуу 16 факты, үгүт өнөктүгүнүн шартын бузуу боюнча 3 факты, админресурс колдонулганы тууралуу 3 маалымат катталган. Бул тууралуу Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуров брифингде кабарлады.

Анын айтымында, Ош шаардык кеңешине өтүп жаткан шайлоодо добуш сатып алуу фактысы боюнча эки партиядан үч талапкерге карата териштирүү иши жүрүп жатат.

«9 кайрылуу Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. 1 материал кыскартылды. Ал эми 6 материал боюнча тергөө жүрүп жатат. Эки фактынын курамында кылмыш белгилери жок болгон үчүн тергөө токтотулган. 13 билдирүү боюнча кароо жүрүп, 4 жаранга 50 миң сом айып салынды»,-деди ал.

Количество просмотров: 174