• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте талапкердин өкүлү добуш сатып алууга шектелип кармалды (видео)

27 Жетинин айы 2021 15:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Свердлов бир мандаттуу округу боюнча өзүн көрсөткөн талапкер Т.Э. Дайырбековдун ишенимдүү адамы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын (Шайлоочуларды сатып алуу) белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, шайлоочулар арасында акча каражаттарын бөлүштүрүп жаткан жеринен Бишкек шаарынын Свердлов бир мандаттуу округу боюнча өзүн көрсөткөн талапкер Т.Э. Дайырбекдун ишенимдүү өкүлү П.А.Д. кармалды.

Такталгандай, П.А.Д. «КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамын бузуу менен КР ЖК депутаттыгына талапкердин штабынын расмий эмес кызматкери болуп, КР айрым жарандарын мыйзамсыз үгүт иштерине тартып, шайлоочуларды акчалай сыйлыкка сатып алуу иштерин жүргүзгөндүгү аныкталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, аталган П.А.Д. тарабынан добуштарды сатып алуу фактылары боюнча фактылар такталып, 2021-жылдын 26-ноябрында акча каражаттарын бөлүштүрүп жаткан жеринен кармалды. Ошол эле учурда, алар тарабынан штаб катары пайдаланылган жайларды жеке тинтүү учурунда, шайлоочулардын даректерин көрсөткөн тизмелери менен ири суммадагы акча каражаттар табылган.

Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн фактыларды аныктоо жана документтештирүү, ошондой эле шайлоочуларды сатып алуу процессине катышкан башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК КР ЖК депутаттыгына талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан КР шайлоо мыйзамдары бузулган учурда, КР колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.

Количество просмотров: 464