• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Улан Сариев УКМКнын добуш сатып алуу боюнча айыптарын четке какты

1 Кулжа 2023 15:17 Бишкек Govori.TV

Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер Улан Сариев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин добуш сатып алуу боюнча айыптарын четке какты.

“Кечээ мурун ижарага алган штабдарымда тинтүү жүргүздү. Үгүт материалдарды, техникаларды алышты. Үй комитети арыз жазыптыр, бир жашоочу аларды “балдар аянтчасын салып берет, ошого шайлагыла деп жатат” деп. Ал үйгө мен жолугушууга баргам. Алар жеке көйгөйлөрүн айтып берди. Мен бул жерди оңдоп, балдар аянтчасын салып берүү Жогорку Кеңештин жумушу эмес дедим. Бирок, бул көйгөйдү дагы жоюш керек. Шайлоодон кийин кайрылгыла, карап көрөм дегем. “Балдар аянтчасын салып берем дегенсиң, бул добуш сатып алуу” деп жатышат”, — деп билдирген Сариев “Азаттыкка”.

Улан Сариев 31-майда атайын кызматка сурак берип чыкканын кошумчалады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер Улан Сариев добуш сатып алууга шек саналып жатканын кабарлады.

Атайын кызмат «төгүндөлгүс далилдер алынганын» жана чогултулган материал Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөрүн билдирди. Талапкерге Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси (“Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу”) боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду.

Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси – “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” боюнча козгогон кылмыш ишинин алкагында У.Р. жана А.А. аттуу жарандар кармалган. Аталган эки жаран №26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын штабынан 29-май күнү кечинде кармалган. Ниязалиева добуш сатып алуу боюнча айыптарды четке каккан.

Количество просмотров: 70