Ош мамлекеттик университетинин ректору шайланды. Бул тууралуу аталган жогорку окуу жайдын өкүлү кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп Кудайберди Кожобеков шайланды. Ал буга чейин билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген. Акыркы учурда Ош мамлекеттик университетинин ректорунун милдетин аткаруучу болуп турган.
Ректорлукка төрт киши ат салышып, добуш берүүгө катышкандардын 96 пайызы Кожобековдун талапкерлигин жактырды.