УКМК Ош шаарынын мэри Ж.Токторбаевдин Ош шаарына кирүү үчүн акы төлөтүү демилгесине карата комментарий берди.
«УКМК Ош шаарынын мэринин бул демилгесин колдобойт. Ошол эле учурда УКМК жетекчилиги төлөм киргизилген учурда коомчулукта терс реакция болот, башкача айтканда бардык чыгым карапайым жарандардын мойнуна түшөт, айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн оор болот деп эсептейт. Товарларды шаарга жеткирүү кымбаттайт, бизнес бул чыгымдарды керектөөчүлөргө которуусу мүмкүн, калктын анча бай эмес катмары сапардан баш тартууга же сапарга бюджеттин олуттуу бөлүгүн коротууга аргасыз болот. Бул кабыл алынбайт! Мындан ары УКМК бардык кызмат адамдарын (мэр, аким, жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлдөрү ж.б. жетекчилер) ушул сыяктуу туура эмес идеялар жана билдирүүлөр менен чыкпоого чакырат. Ошондой эле бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жеке пиар-кампания менен алек болбостон, тургундардын курч көйгөйлөрүн чечүүгө чакырат», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Токторбаев Ош шаарына сырттан келген унаалардан акы алуу сунушун айткан эле.