• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ош мэриясы менен Ош облустук администрациясында эвакуация болду

22 Баш оона 202415:28 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык мэриясы жана президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү жайгашкан имаратка “жарылуучу зат коюлган” деген маалыматтан улам эвакуация жүрүүдө. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, учурда тиешелүү укук коргоо органдары имаратта текшерүү иштерин жүргүзүүдө. “Жарылуучу зат коюлган” деген маалымат 12:30дар чамасында келип түшкөн.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги «Манас» аэропортунда жардыруучу зат бар экени айтылган маалымат түшкөн.

Жеринде милиция кызматкерлери иш алып барып, эч кандай күмөндүү зат табылган эмес.

Количество просмотров: 111