• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ош мэриясы мыйзамсыз берген жер мамлекетке кайтарылды

26 Аяк оона 202414:42 Бишкек Govori.TV

Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына текшерүү жүргүзүлүп, Коргоо министрлигине караштуу Ош шаарындагы жалпы 0,35 га жер тилкеси Ош шаардык мэриясы тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен административдик доо келтирилип, сот органдары доону толугу менен канааттандырып, Ош мэриясынын мыйзамсыз чечимдери жана “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын мамлекеттик актылары жокко чыгарылган.

Сот органдарынын чечимдери күчүнө киргенден кийин Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан келтирилген прокурордук чара көрүү актынын негизинде, 25 миллион 164 миӊ сомго бааланган жер тилке толугу менен мамлекеттин карамагына алынды.

Количество просмотров: 113