• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ош мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

6 Аяк оона 202117:10 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Исаев Марс Асанович Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Бүгүн, 6-сентябрда Ош шаарынын мэриясынын аппаратына таныштыруу болуп өттү. Марс Исаев Ош шаардык кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болгон.

Ошондой эле Жунусбаев Сонунбек Калмаматович 3 айлык сыноо мөөнөтү менен Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Сонунбек Жунусбаев шаардагы коммуналдык чарба жана транспорт тармагын жетектейт.

Дайындоо боюнча буйруктарга Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койгон.

Количество просмотров: 175