• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ош — Ноокат каттамындагы такси айдоочулары мэрияга чогулушту

14 Жалган куран 2024 13:13 Бишкек Govori.TV

Айдоочулар такси каттамын автобекеттен эмес, Кулатов кичирайонунан жүргүзүүнү талап кылышууда. Ош шаарынын Кулатов кичирайонунун аймагынан Ноокатка кетүүчү автоунаалар үчүн өзүнчө жай берүү талабы менен 14-мартта шаардык мэрияга 50дөн ашык айдоочу келди. Бул тууралуу «Азаттык» жазды

Маалыматта айтылгандай, айдоочулар менен шаар мэри Бакыт Жетигенов жолугушту. Бирок таксилер үчүн кичирайондон өзүнчө жай бекитип бере албасын, каттам автобекеттен гана жүрө турганын билдирди. Айдоочулар мэрдин жообуна канааттанбаганын айтышты.

Ош — Ноокат каттамындагы такси акысы 100 сомдон.

Айдоочулардын айтымында, автобекеттен кеткенде жүргүнчүлөр ашыкча чыгымга учурайт.

Количество просмотров: 86