• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ош-Ноокат жолунда мал союп түлөө өткөрүлдү

29 Теке 202416:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-июль күнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Ош-Ноокат жолунда мал союп түлөө өткөрүп, эл-журттун амандыгын тилеп дуба кылышты. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.

«Бул жылы Ноокат районунун тургундары үчүн тилсиз жоодон улам оор сыноолор келип, көпчүлүктү кайгыга салды. Эзелтен ата-бабаларыбыз мындай учурларда Жаратканга дуба кылып, эл-журттун амандыгы үчүн түлөө өткөрүшчү. Биз да Ош-Ноокат жолунда түлөө өткөрүп, жол кырсыгы жана башка апааттардан алыс болуу үчүн дуба кылдык. Аллахым дубаларыбызды кабыл кылсын», – деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.

Айта кетсек, аталган Ош-Ноокат жолунда бир канча жолу сел жүрүп, айрым жерлерде үйлөргө чейин сел каптап, оор жоготууларга дуушар болушкан.

Количество просмотров: 188