• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ташиев Ош – Ноокат жолунун курулушу менен таанышты

19 Аяк оона 20248:32 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош – Ноокат жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ташиев көпүрөлөрдүн жана жолдун курулушу буга чейин белгиленген мөөнөттө – 30-октябрга чейин бүтүшү керектигин эскертип, ошол эле учурда сапатка көңүл бурулушу зарылдыгын белгиледи. Эгер айтылган мөөнөттө бүтпөсө, чара көрүлөөрүн дагы бир ирет эскертип өттү.

Ошондой эле келерки жылдын планына Ош – Баткен – Раззаков автожолунун 47-чакырымынан 63-чакырымына чейинки аралыгы киргизилип, жыл аягына чейин бүткөрүлүшү керектигин кошумчалады.

Жол куруучулар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коюлган тапшырмалар аткарыларын жана жумуш кызуу жүрүп жатканын билдиришти.

Количество просмотров: 85