• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ош облусунда бангизаттарын сатуу каналына бөгөт коюлду

27 Жалган куран 2021 16:53 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда бангизаттарын сатуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

маалыматка ылайык, 2021-жылы 25-мартта КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүмү (Бангизаттарын, психотроптук жанабашка ушул сыяктуу зарттарды сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ИИМдин бангизаттарды мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматы (БМАКК) менен бирге Ош облусунун Кара-Суу районунда бангизаттарын сатуучулар КР жараны Н.С.И. жана КРнын ИИМдин БМАККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүн башчысы, милициянын майору С.Б.Ж. кармашты.

КР ИИМ БМАККнын кызматкеринин колдоосу астында кылмыштуу топ Ош шаарында жана Ош облусунун аймагында өзгөчө ири өлчөмдө бангизат сатуу менен узак убакыттан бери алектенип келгени аныкталды.

Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында кармалгандардан алынган бангизаттардын жалпы салмагы 550грамм гашиш жана 100 граммга жакын героинди түзгөн.

Кармалгандар УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча убактылуу кармоо жайына киргизилишти.

Азыркы учурда УКМК жогорудагы фактыга тиешеси бар башка жактарды аныктоого багытталган тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 185