• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Ош облусундагы кыргыз-өзбек “Достук” өткөрмө бекетинде адамдардын тыгыны пайда болду

24 Бирдин айы 2018 17:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.02.2018.Govori.TV.

Ош облусундагы кыргыз-өзбек “Достук” өткөрмө бекетинде эки өлкө жарандарынын соода жүргүзүүсү көбөйгөнүнө байланыштуу чек арада жөө адамдардын тыгыны пайда болду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Чек ара кызматы маалымдады.

Тыгын эки тарапта тең катталууда.

Кырдаалды жоюу үчүн кыргыз тарап чек ара көзөмөл пункттарын көбөйтүүдө. Учурда 10 көзөмөл бөлүмү иштеп жатат, эми дагы төрттөө орнотулат. Чек арадан күнүнө жети миңден ашуун адам өтөт.

Буга чейин ошол жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы кыргыз тарапта Өзбекстанга өтө албай 500дөй адам турганын маалымдаган.

2017-жылдын сентябрь айында кыргыз-өзбек “Достук” чек ара бекетинде эки тарапка өтүүнүн жол-жобосу жеңилдеген.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы 2005-жылы март жана Анжиян окуяларынан кийин жабылып, ары-бери өтүү кыйындаган. 2010-жылкы июнь коогасынан кийин чек арадан өтүү үчүн телеграмма, чакыруу сыяктуу кошумча документтер талап кылына баштаган.

Количество просмотров: 31