Ош пансионаты менен Ош турбазасы мамлекетке өттү. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымына караганда, аталган эс алуу жайлардын жерлерин мурдагы жетекчилери, экс-депутат жана башка адамдар менчиктештирип алганы маалым болду.
«Ош пансионаты 21,5 га болгон, азыр 17,68 га гана жери калган. Ош турбаза 4 га болгон, азыр 2,8 га гана жери калган. Ким болбосун мыйзамсыз менчиктештирип алган жерлерди кайра мамлекеттин карамагына кайтарып алышыбыз керек», — деди ал.