Чүй облусунда базар баасы 4 млрд 7 млн 77 миң сомду түзгөн 353,3 га өнөр жай багытындагы жерлер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
«Чүй облусунун Кемин районундагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объектилерди аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, базар баасы 4 млрд 7 млн 77 миң сомду түзгөн 353,3 га өндүрүштүк жерлер аныкталып, мамлекеттин балансына Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине кайтарылды. Тиешелүү текшерүү иштеринин жүрүшүндө, ЖКнын мурдагы депутаты М.Н.К. аффилирленген компаниялар аркылуу мамлекеттик өнөр жай жерлерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп беришкен», — деп жазылат билдирүүдө.
Жогорудагы жер тилке Бишкектен Ысык-Көлгө бараткан жолдо, Боом капчыгайына кире бериште жайгашып айланасы темир контейнерлер менен тосулган.
Айрым маалыматтар боюнча жер ЖКнын VI чакырылышынын депутаты Нурланбек Кадыкеевич Макеевге таандык болгон. Ал 2018-жылы көз жумган, ал эми мураскор аялы болгон, ал өз ыктыяры менен жер тилкесин мамлекетке өткөрүп бергени кабарланды.