• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Ош шаардык кеңешинин шайлоосу жокко чыкты

11 Бугу 202120:06 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 11-майдагы жыйынында 11-апрель күнү Ош шаардык кеңешке өткөн шайлоодогу 27 добушканадагы шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарды.

Мындай сунушту Боршайкомдун төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов берип, БШКнын сегиз мүчөсү колдоп, төртөө каршы добуш берди. Бекматов Ошто жапырт каттоого тургузуу болуп, үгүт иштеринин эрежелери бузулганын айтты.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү кеңешке катышкан шайлоочулардын добуштарынын үчтөн бири жокко чыгарылса кайра шайлоо болушу керек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими президентке жөнөтүлүп, өлкө башчы эми кайра шайлоонун датасын аныктайт.

11-апрелдеги Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоодо тогуз партия ат салышып, төртөө өткөн. Алар: «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар биримдиги», «Ынтымак», «Ыйман-Нуру».

Количество просмотров: 81