• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ош шаарына 3018-жыл! Шаар күнү кандай белгиленет?

30 Аяк оона 2018 17:59 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 30.09.2018. Govori.TV
Быйыл Ош шаарынын 3018-жылдыгы белгиленет. Учурда майрамды жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн кызуу даярдыктар жүрүүдө.
Майрам күнү шаарда бир катар маданий-массалык иш-чаралар өтөт. Буга карата
4-октябрда Ош МУнун залында «Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу» симпозиуму болот.
5-октябрь күнү Эл аралык жаштар форуму, Ош шаарынын окуучуларынын аянтка тарткан сүрөт көргөзмөсү, жогорку окуу жайлардын көргөзмөсү, “Сулайман-Тоо- тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу фестивалы, “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманкеси, “Билим жана чыгармачылык жарманкеси” жана клубдар арасында волейбол мелдеши өткөрүлөт.
Ал эми кечинде шаардын борбордук стадионунда Ош шаарынын күнүнө арналган белгилүү эстрада жана фольклор ырчыларынын, бийчилердин катышуусунда майрамдык гала концерт болот. Андан соң жаштар үчүн бий кече уюштурулат.
Айта кетсек, жыл сайын 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнү белгиленип келет.  Быйыл Ош шаарына 3018 жыл толду.
Количество просмотров: 36