Ош шаарына 95 метрлик флагшток орнотулууда.
Буга чейин шаар мэри Жеңишбек Токторбаев Ош шаарын өнүктүрүү жана мамлекеттик символдорду даңазалоо иштеринин алкагында калаанын архитектуралык көркүн жаңы деңгээлге чыгаруу максатында учурдагы 45 метрлик желек саптын ордуна 95 метрлик жаңы желек сап орнотуу чечими кабыл алынганын айткан.