УКМК Ош ШИИБи менен биргеликте адам уурдап, ири суммадагы акча каражатын талап кылган жарандарды кармады.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 16-январда Т.Шоноев көчөсүндөгү «Ак-Тилек» кичи районундагы шаардык оорукананын жанында, «Daewoo Tico» үлгүсүндөгү автоунаа менен белгисиз адамдар К.Д.У. аттуу жаранды күч колдонуп автомашинага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.
«Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында К.Д.У аттуу жаранды уурдап кеткендер: 1990-жылы туулган К.у.Т., 1991-жылы туулган К.у.К. жана 1991-жылы туулган И.Н.И экендиги аныкталды. Алар аталган К.Д.У.ну Ош облусунун Өзгөн районуна карай алып кетишип, 2 сутка бою кармашкан. Кармоо мезгилинде кылмышкерлер уурдалган жаранды мобилдик капчыкка 190 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын которууга мажбурлашкан», — деп жазылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Ош ШИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмышкерлер аныкталып, кармалган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.