Megacom
  • Жума 14 Баш оона 2020

Ош шаарында акыркы кырдаалга байланыштуу бир канча чектөөлөр киргизилди

3 июля 2020 в 20:11 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын борбордук базары, “Келечек”, “Тешик-Таш” жана автоунаа тетиктерин саткан базарлар дүйшөмбү, бейшемби күндөрү иштебейт.

Апта ичинде эки жолу дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Ал эми шаар аймагындагы кичи базарлар дүйшөмбү күндөрү дезинфекциялоо иштерин жүргүзүшү шарт.:arrow_right: 10-июлдан 31-июлга чейин Ош шаарынын аймагындагы мечиттерде жума намазы убактылуу окулбайт. Бул маселе вирусологдор жана шаар казысынын катышуусунда талкууланып, чечим кабыл алынды.

Шаардагы эс алуучу жайлардагы балдар ойноочу аянтчалар, соода борборлорундагы балдар ойноочу жайлар, бильярд залдары, интернет клубдары, караоке залдары, түнкү клуб жана бассейндердин иштөөсүнө белгисиз мөөнөткө чейин тыюу салынды.

Ош шаарынын аймагында той-мааракелерди өткөрүүгө белгисиз мөөнөткө чейин тыюу салынды. Тыюу салынышына карабай той-мааракелерди өткөргөн кафе-ресторандарга айып пул салынып, 1 айга чейин иштөөгө уруксат берилбейт. Той-мааракелер жеке турак үйлөрдө да өткөрүлбөшү керек.

Жогорудагы талаптардын аткарылуусун көзөмөлдөө үчүн рейддер өткөрүлүп, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Ош шаары боюнча иш тартиби

🥔 Базарлар дүйшөмбү күнү ишин токтотуп, дезинфекциялоо иштери жүрөт.

🛒 Соода–сатык пункттары саат 07.00дөн кечки 22.00гө чейин иштешет.

🍽 Кафе, ресторан жана башка коомдук тамактануу жайлары саат 08.00дөн кечки 22.00гө чейин иштешет.

Тойкана, караоке-клуб жана компьютердик клубдарга кишинин санына карабастан иштөөсүнө тыюу салынган.

Количество просмотров: 3858