• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ош шаарында «Биздин Кыргызстан» партиясы алган добуштар жокко чыгарылды

27 Теке 2021 9:17 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышкан «Биздин Кыргызстан» партиясы алган добуштарды жокко чыгарды. Мындай чечим кечээ, 26-июлда чыгарылды.

Боршайкомдун жумушчу тобу аталган партия шайлоо өнөктүгү маалында добуш сатып алганы аныкталды деп билдирип, андан улам «Биздин Кыргызстан» саясий бирикмесин жарыштан четтетүүнү сунуштады. Ал эми БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун чыгарган корутундусун колдоду.

Ал эми «Биздин Кыргызстан» партиясы Жогорку сотко кайрыла турганы белгилүү болду.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык кеңешине болгон кайра шайлоого 18 партия катышкан. Шайлоого 426 миң 699 шайлоочунун ичинен 104 миңден ашык киши катышкан. Кайра шайлоо үч шаардык кеңеште – Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында 11-июлда өткөн.

Количество просмотров: 71