Бишкек.19.12.2018.Govori.TV
Ош шаарындагы Ы.Монуев көчөсүнөн А.Масалиев көчөсүнө бурулган кесилиштеги гүл отургузуучу карапаны (тумба) 18-декабдан, 19-декабрга караган түнү белгисиз бирөөлөр кулатып кетишкен.
Бул тууралуу Ош шаардык жашылдандыруу ишканасы маалымат таратты.
«Негизи мындай көрүнүштөр шаарыбыздагы сквер, парктарда жана борбордук көчөлөрдүн боюндагы гүл отургузуп, шаарыбызга көрк берүүчү карапаларды кулатып же сындырып кеткен учурлар байма-бай кайталанууда.
Андыктан баарыңыздарды коомдук жайлардагы тартипти сактоого, биздин ишкана тарабынан жасалып жаткан шаардагы баардык эмгектерди талкалап сындырбоого чакырабыз»,-деп айтылат маалыматта.