• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ош шаарында карантиндик эрежелерди сактоо күчөтүлөт

28 Аяк оона 2020 17:45 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында карантиндик эрежелерди сактоо күчөтүлөт, — деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык. бүгүн, 28-сентябрь күнү Жарандык коргоо штабынын кезексиз жыйыны болуп өттү. Анда коронавирусту алдын алуу иш аракеттериндеги санитардык көзөмөлдөөнү күчөтүү, жарандарга жана ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү талаптары коюлду.

Жыйынга Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, күч түзүмдөрү, Өзгөчө кырдаал министрлигинин Ош шаарындагы өкүлдөрү, билим берүү жана саламаттык сактоо тарамагынын кызматкерлери, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын башчылары катышты.

Биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев Ош шаарында түзүлгөн 7 мобилдик топко күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну табыштап, коомдук транспорт жана курулуш тармактарына түшүндүрүү иштерин алып баруу боюнча тапшырмаларды берди.

Жыйындын алкагында штабдын мүчөлөрү карантиндик эрежелерди сактабагандар мыйзам чегинде жоопко тартылаарын кошумчалашты.

«Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар социанарынын эски имараты толук капиталдык оңдоп түзөөдөн өтүп, 180 орун даярдалган. Ага кошумча дагы 100 орундуу жаңы имарат октябрдын башында колдонууга берилет. Ош шаардык ооруканасынын эски имаратында 100 орун даярдалып, учурда иштеп жатат. Ош шаарында жалпысынан 380 орун вирус күчөгөн учурда иштөөгө даяр, мындан тышкары, резервте да имараттар бар. Керектелүүчү коргоочу кийимдер, кычкылтек концентратору, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттары жетиштүү. Дары-дармек 2 айлык запас менен алынган», — деп маалымдашты мэриядан.

Количество просмотров: 130