Бүгүн, 20-марттан тарта Ош шаарындагы коомдук транспорттор токтотулат. Бул тууралуу республикалык штабтан билдирди.
Республикалык штаб кабарлагандай, Ноокат райондук администрациясынын башчысы Давранбек Маматалиевдин буйругу боюнча Ош облусунун Ноокат районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Кыргызстанда коронавирустун жаңы үч учуру катталганы 20-мартта жарыяланды. Ооруга чалдыккандар Ноокат районунда аныкталып, алар да Сауд Арабиясына умрага барып келгени белгилүү болду.
Кыргызстанда коронавируска үч киши чалдыкканы тууралуу алгачкы маалымат 18-мартта чыккан. Ага ылайык, үчөө тең Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып, 12-мартта Шаржа-Бишкек аба каттамы менен кайтып келген.