Бишкек.18.04.2019.Govori.TV.
Түркия менен Түрк тилдүү мамлекеттердин министрлеринин төртүнчү отурумунун алкагында Ош — Стамбул авиарейсин ачуу маселесин талкулашты жана эки тарап тең бул маселе боюнча бирдей көз карашта экендигин билдиришти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министирлиги билдирди.
Алардын маалыматы боюнча, Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин транспорт министрлеринин төрүнчү жыйыны аяктады. Баардык Транспорт министрлигинин өкүлдөрү Транскаспий коридорун өнүктүрүү боюнча кызыктар экендигин билдиришти. Транспорттук жана транзиттик (жол, темир жол, порт) ишин камсыз кылуу боюнча зарыл болгон баа саясаты жана башкаруу жол-жоболорун талкуулашты.
Мындан тышкары Транскаспий коридорун өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн мүмкүн болуучу механизмдер талкуланды. Коридордо Кытайдан Түркия аркылуу Европага маршруттук темир жол кербенин алдын ала атайын көрсөтмө маселеси каралды.
“Бир тууган портторун өнүктүрүү үчүн Түрк тилдүүлөрдүн деңиз порттору Бакин, Актау жана Самсун портторунун маселеси каралды. Азыркы учурда Кыргызстан “кургак портторго” кирүү мүмкүнчүлүктөрүн карап жатат. Бул меморандумга кирүү Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан соода тармагы өсүп жатканын эске алуу менен каралган”,-дейт маалыматта.