• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ош: «Унаа» мекемеси мамлекетке 14 млн 340 297 сом зыян келтирген

11 Теке 2021 9:13 Бишкек Govori.TV

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык бөлүмү автоунааларды каттоодо коррупциялык аракеттер аныкталды Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган бөлүмдүн кызматкерлери жеке кызыкчылыктарды көздөп, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизүү аркылуу чет өлкөдөн келген унааларды мыйзамсыз каттап келишкен.

«Кыргызстандын аймагында оң рулдуу автоунаалар каттоого алынбай турганы мыйзамда көрсөтүлгөнүнө карабай, бөлүмдүн жооптуу кызматкерлери Р. Т. аттуу жарандын оң рулдуу «Тойота-Альфард» үлгүсүндөгү автоунаасын жана мындан башка да 16 оң рулдуу унааны мамлекеттик каттоодон өткөргөн. Ошондой эле С. А. аттуу жарандын «Форд Фокус» үлгүсүндөгү автоунаасына 2014-жылы алынган D….ХХ сандуу мамлекеттик белгисин алмаштырды деген мааниде расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизүү менен автоунаанын катталгандыгы тууралуу күбөлүктү жана 06 КG…ХХХ мамлекеттик белгисин мыйзамсыз жасап беришкен. Мындай мыйзамсыз аракеттердин кесепетинен мамлекет 14 млн 340 297 сом зыян тарткан»,-деп айтылат маалыматта.

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан бул факты Жазык Кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 329-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Количество просмотров: 285