• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ош университетин жаңы корпусунун ачылуу аземинде жаш кыз эс-учун жоготуп кулады

16 Баш оона 2018 14:23 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.08.2018.Govori.TV.
Бүгүн Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин жаңы корпусунун ачылуу аземи башталганда жаш кыз кулады. Бул тууралуу аталган окуу жайдан кабарлаганын Турмуш сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чара башталаар алдында улуттук кийим кийген жаш кыз өзүн жаман сезип, эс-учун жоготуп жерге жыгылган. Саамалыкка келгендер ага биринчи жардам көрсөтүп, ыкчам аракеттерди көрүшкөн.
Бир топ убактан кийин кыз өзүнө келип, жакшы сезе баштаган. Ден соолугуна байланыштуу жыгылган кыз, аталган окуу жайда билим алат. Ал жаңы корпустун ачылыш аземине катышууга келген.
Количество просмотров: 34