• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ош жана Жалал-Абадда жер титирөө катталды

3 Бирдин айы 2021 10:04 Бишкек Govori.TV

КР Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, 2-февралда саат 13:40та Кыргызстан менен Кытай чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3 балл, Иркештам айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле 3-февралда саат 04:03тө Өзбекистандын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Жар, Жыл-Кол, Кум айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 32