• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ош жылуулук электр борборунда коррупциялык схема аныкталды

19 Бирдин айы 2021 12:06 Бишкек Govori.TV

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы (УКМК ККК) Ош жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) коммерциялык кыймылсыз мүлк объектилерин мыйзамсыз кошуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындык ЖЭБдин жетекчилиги коммерциялык объектилердин ээлери менен тил табышып, жылуулук менен жабдуу тутумдарына техникалык туташуу эрежелерин бузуп, капиталдык курулуш объектилеринин техникалык параметрлерин эске албай, ЖЭБге Ош шаардындагы ири соода объектилерин, атап айтканда, жеке менчик мончо, спорт залдар, медициналык клиникалар жана көп кабаттуу турак-үйлөрдү мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталды. Ошол эле учурда, алдын ала иликтөөлөргө ылайык, аталган коммерциялык объектилерден түшкөн каражаттарды ЖЭБдин жетекчилиги жана айрым кызматкерлери өздөрүнө алып турушкан.

Натыйжада Ош ЖЭБдин жетекчилиги тарабынан уюшулган мыйзамсыздык мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян алып келген.

УКМК Коррупцияга каршы кызматы тарабынан келтирилген чыгымдын көлөмүн аныктоого багытталган, андан тышкары, Ош шаардык ЖЭБдин ишмердүүлүгүндө ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 71