УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков эл аралык мелдештерде эски тууну көтөрүп чыгам деген билдирүүсү боюнча комментарий жазды.
«Фейсбуктагы» тайпалардын бирине социалдык тармактын колдонуучусу тарабынан «Жоламан Шаршенбеков: Мен алдыңкы жеңиштерде эски желекти гана көтөрүп чыгам!» деп жазылган спортчунун сүрөтү коюлган билдирүү бөлүшүлгөн.
Аталган посттун алдына Камчыбек Ташиев комментарий калтырып, «Бир дагы спортчу мамлекеттик туусуз эч бир расмий мелдештерге катышууга укугу жок. Ошентип эле көрсүн!!! Мыйзам кабыл алынды жана жарандар ага баш ийүүгө тийиш!», — деген.
Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн жана Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү Жоламан Шаршенбеков мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы экенин билдирип, эл аралык мелдештерде Кыргызстандын алгачкы туусун гана көтөрүп чыга турганын айткан.