Бишкек. 02.05. 2018. Govori.TV
Ош шаарынын вице-мэрлик кызматына Саибжан Турдуев дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат-кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн анын дайындалышы боюнча буйрукка шаар башчы Айтмамат Кадырбаев кол койгон.
Эске сала кетсек, ал “Бирбол” партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер болгон. Мурдагы вице-мэр, аталган партиянын өкүлү Замирбек Аскаров Өкмөт башчынын орун басарлыгы кызматына жогорулап кеткендиктен, анын ордуна вице-мэрликке келди.