• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Ошко Новосибирскиден 173 кыргызстандык кайтып келди

8 Теке 2020 9:33 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанга Новосибирск – Ош аба каттамы менен «Сибирь» (S7) авиакомпаниясынын рейси менен Кыргыз Республикасынын 173 жараны кайтып келди. Жарандардын арасында жашы жете элек балдар да бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.

Количество просмотров: 80