• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ОшМУда айлык акылар жогорулады

7 Тогуздун айы 2019 17:33 Бишкек Govori.TV

ОшМУда 2019-жылдын 1-октябрынан тарта айлык акылар жогорулады. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда университеттин административдик кеңешинде чечим кабыл алынды.

Чечимге ылайык, 2019-2020-окуу жылында илимий даражасы бар профессордук-окутуучулук курамга 3000 сомдон, окумуштуу даражасы жок бардык окутуучуларга 2500 сомдон айлык акылар жогорулайт. Ал эми структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин, окуу-көмөкчү персоналдардын, административдик чарба кызматкерлеринин айлык акыларына тиешелүү тартипте 1000 сомдон 1500 сомго чейин кошулат.

«Ошондой эле декабрь айында айлыктан сырткары, ар бир кызматкер жаңы жылга карата бир айлык өлчөмүндө 13-айлык сыйлык акчаларды да алышат», — деп кошумчалашты аталган окуу жайдын басма сөз кызматынан.

Булак: Кабар

Количество просмотров: 33