• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Короо шыпыргычтар 5000 сом алат. Кенже тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысы жогорулады

6 Бирдин айы 2020 12:21 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кенже тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.

2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген документке ылайык, автобустардын, жүк ташуучу унаалардын, транспорттук-жыйноочу машиналардын, электро жана авточиркегичтердин айдоочуларынын, жыгач усталардын, сантехник, слесарь, электрик, иш кагаздарды мукабалоочу, короо шыпыргыч, багбан, гардеробщик, кароолчу (вахтер), лифтте иштөөчү адам, от жагуучу,  кастелянша, курьер, кладовщик, имараттарды оңдоп, тейлеген жумушчулар, калктуу конуштарды жакшыртуу, иш бөлмөлөрдү жана кызматтык аймактарды тазалагандардын эмгек акылары эки эсе жогорулайт.

Бул токтомду жүзөгө ашырууга бюжеттен жылына 220,0 млн. сом бөлүнөт, бул республикалык бюджетте каралган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт милдеттердин кыйла сапаттуу аткарылышы үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин колдоо максатында  зарыл каражаттарды табууну мындан ары да уланатат.

Кызмататтардын аталышыЭмгек акынын жогорулаганга чейинкиси (сом менен)Эмгек акынын жогорулагандан кийинкиси(сом менен)
1Автобус, жүк ташуучу унаалардын айдоочулары42008000
2Транспорттук-жыйноочу машиналардын, электро жана авточиркегичтердин айдоочулары30006000
3Жыгач уста, сантехник, слесарь, электрик30006000
4Иш кагаздарды мукабалоочу27005000
5короо шыпыргыч, багбан27005000
6Гардеробщик, кароолчу (вахтер), лифтте иштөөчү адам, от жагуучу,  кастелянша, курьер, кладовщик25005000
7Иш бөлмөлөрдү жана кызматтык аймактарды тазалагандар25005000
Количество просмотров: 254