Ош шаарында 1-апрелден тарта жылуулук өчүрүлөт. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кышкы жылытуу мезгилин жыйынтыктоо боюнча буйрукка шаар мэри Алмаз Мамбетов кол койду.
Ош мэриясы абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен 8 градустан жогору болсо, жылытуу мезгили токтотуларын эскертти.