Бишкек.17.04.2019.Govori.TV.
Үстүбүздөгү жылдын 15-апрель күнү Баш-Булак айылынын 1-классынын окуучусу мектептен чыккан бойдон үйүнө кайтып барган эмес.
Кызды ата-энеси менен милиция кызматкерлери тынымсыз издеп, бир күндөн кийин гана табышкан.
Маалыматка ылайык, аталган кыз үйүнө жетиш үчүн жол тосуп, бирок маршруттук каттамдагы айдоочулар токтобой койгондугуна байланыштуу ал жөө кетүүнү көздөгөн. Жыйынтыгында 8 чакырымдай жөө басып, бирок бир да айдоочу жардам берген эмес. Үйүнө жетпей калган кыз бөтөн бирөөнүн үйүнө түнөгөн, эртеси тийиштүү органдарга жеткирилип берилген.
“Ош шаарында окуучуларга жол кире акысы 1 сом болгондуктан, айдоочулар мектеп окуучуларын албай кетип жатат”,- дейт Ош мэриясынын байланыш жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Раманов.