Бишкек 26.05.2019.Govori.TV.

Ошоблусуна караштуу, Кулатов айыл аймагынын Ак-Чал айылында 11-класстын бүтүрүүчүлөрү айдап бара жаткан унаа кырсыктап, окуучулар ооруканага түшкөн.

Белгилүү болгондой, бүтүрүүчү үйүндөгүлөргө айтпай ” Хонда Жазз» үлгүсүндөгү атасынын унаасын айдап чыгып,жанында 3 классташ кызы менен жол четиндеги мал сарайга урунушкан.

Ал эми кырсыктан жабыркаган 4 окуучу Ноокат аймактык ооруканасына жеткирилип,алардын бирөөсү жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.Учурда милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатканы айтылды.