• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ошто 120 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу башталды

23 Теке 2020 9:22 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын Туран муниципалдык аймактык башкармалыгына (Южный кичи району) 120 орундуу жаңы бала бакчанын курулушуна капсула салынды. Капсула салуу иш-чарасына Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бала бакча жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулууда.

“Заманбап бала бакча курулат. Курулуш иштери жылдын аягына чейин аяктайт. Бүгүнкү күндө 2 бала бакчанын курулушу бүттү. Бала бакчаларга уруксат берилгенде ишке кирет. Мындан тышкары 3 жерде бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Биздин максат бала бакчалардын санын көбөйтүп, балдарыбызды тарбиялоо”, деп билдирген шаар мэри.

Курулушу жаңыдан башталган бала бакчанын тендердик баасы 25 млн 970 миң сом.

Количество просмотров: 74