• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Ошто 19 жаштагы кыз өз үйүнөн зордукталды

28 Бугу 201912:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.05.2019.Govori.TV.

Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 19 жаштагы кыз зордукталган. Бул тууралуу «Турмуш» сайты өздүк булактарына тачнып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя 22-май күнү болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, зордуктоого 24 жаштагы жигит шектелүүдө. Ал кыздын апасынын жакын таанышы болгон. 24 жаштагы жигит үй-бүлөнүн ишеничине кирип, эне менен кыздын үйүнө барып жүргөн. Окуя болгон күнү ал «бүгүн бара турган жерим жок. Силердин үйүңөрдө түнөп турайын» деп үйгө кирген. Ошол маалда кыздын апасы ооз ачууга кеткен. Апасынын жоктугунан пайдаланып шектүү жигит жаш кызды зордуктаган.

Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан да тастыкташты. Милицияга аталган факт 24-майда катталган. Учурда шектүү жигит кармалып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Иликтөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 23