• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ошто 2 турак үйдөн өрт чыкты

9 Аяк оона 2021 17:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-сентябрда Ош шаарында ири өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алдын ала маалымат боюнча, Ош шаарындагы Латыпжанов көчөсүндө жайгашкан 2 турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 15:19да ӨКМнден жалпы 8 өрт өчүрүчүү бөлүм, Штаб, ККББдан ыкчам топ, Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, РӨКОдөн 1 суу ташуучу унаа тартылган.

ӨКМден белгилегендей, кошумча маалыматты кийинчерээк берилет.

Теги:
Количество просмотров: 129